ГЭС-2 айылында газ түтүкчөсү жарылып, 13 жашар бала каза болду (сүрөт)

11 февраль 2021 16:16 1274 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарында турак үйдө жарылуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн 11-февраль күнү 15:00 дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган. 

"Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган Д.Ж, аттуу эркек бала каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган.  Жерине саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 15:05те Штаб жана Газ кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды өздүк унаасы менен ооруканага алып кеткен. Абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалымтта.

Ссылка: https://barometr.kg/jdn-ech-nerse-kalbaptyr-ges-ajylynda-gaz-ttkchs-zharylyp-13-zhashar-bala-kaza-boldu



Добавить комментарий