Үйдө терс энергиянын көбөйүп кетишинин белгилери кандай болот?

16 май 2019 16:35 18572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы учурда көп нерседе ишиңиз жүрүшпөй жатабы, айланадагы адамдар менен тил табыша албай, башыңыз ооруп жүрөбү? Алардын себеби сиздин үйдөгү терс энергия дагы болуп чыгышы ыктымал.  barometr.kg үйдөгү терс энергия жөнүндө жана алардын белгиси жөнүндө түшүнүктү иликтеп көрдү. Тескери энергия-бул ар кандай эски, кир буюмдардын көп топтолуп калышынан, үйдө уруш-талаштын адаттан тышкары ашыкча болушунан, ниети жаман адамдын туура эмес көз карашта кароосунан башкача айтканда көзү тийгенинен же үй ээлеринин ар кандай жаман иштерди көп жасашынан дагы улам келип чыгат экен. Кээ бир турак жайлар өздөрү эле эскирип, бузууга туура келгендиктен анда терс энергия көбөйөт. Төмөндө мындай үйдүн белгилери кандай болоруна көз жүгүртүңүз!

1.Үйгө келген конокту сүйбөй каласыз.Үйдүн ичиндеги терс энергия баардык жандууларга карата эч себепсиз эле тескери мамиле жасоого түртөт. Мындай абалдан улам сиз айлана-чөйрөнүн баарын кара түстө көрөсүз.     

 2. Уйкуңуз бузулуп, жаман ойлорду көп ойлой баштайсыз.Аны чечүүгө аракет кылып ойлонуп-толгонуп атып араң уктайсыз.Түн ичинде ар кандай шыбыштан ойгоно бересиз.Эптеп уктаганда коркунучтуу түштөр кирет.   

3.Үйүңүздүн чачылганын иреттей албай эле убара боло бересиз. Мурда баарын бир саатта жыйнап салсаңыз, эми күн сайын жыйнасаңыз да иреттелбегендей боло берет.     

4. Сиз өзүңүздү башка адамдар менен салыштырып жана башкаларга эч себепсиз эле ичиңиз күйө берет. Элде сизде жок нерселер бар экенин байкайсыз. Башкалардын ийгилиги сиздин көзүңүздү күйгүзүп, жан дүйнөңүзгө бүлүк салат.  

6.Депрессияга батып, жүрөгүңүз кысылат.Күн жаайбы, ачыкпы, майрамбы же иш күнбү сизге баары бир - маанайыңыз чөгүп турат. Жакшы маанайда келип үйгө киргенде капа боло баштасаңыз турак жайда тескери энергиянын көбөйгөнүнүн белгиси.   

7. Эч нерсеге үлгүрбөй баштайсыз. Мурда  кылып жүргөн ишиңиздин баарын убагында аткара албай каласыз.Башаламандыктан башыңыз айланып эмне кыларбы билбей каласыз.

Бул белгилерди карап көрүп үйдү жан жан дүйнөңүздү да тазартууга аракет кылыңыз.Рамазан айында дуба кылып Жараткандан жакшылыктарды сураңыз. Дайыма турак жайды таза кармап, таза кийинип,  ойлоруңузду да таза кылып жүргөнгө аракет кылыңыз! Бара-бара үйдөгү терс энергиядан арыласыз!

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/jd-ters-energiyanyn-kbjp-ketishinin-belgileri-kandaj-bolot



Добавить комментарий