Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жаңы долбоор ишке кирди

17 август 2020 11:31 2436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жакшыртуу боюнча жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүнкү күндөн тарта коронавирус учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана 111 –  “Балдар үчүн  ишеним телефону” борборун колдоо үчүн жаңы долбоор ишке кирди.

Ал жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашууда.

“Карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, өспүрүм кыздарга, балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулады. Ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйүп, быйылкы төрт айда 2 440 ирет кайрылуу түшсө, алардын 191и балдар болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөнкү кызматтар ишке кирет:

•“Балдар үчүн 111 ишеним телефону” борборунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

•Зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан өспүрүм кыздардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана кызматтардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

•Балдарды ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо боюнча тиешелүү органдардын ведомстволор аралык координациясын жакшыртуу;

•Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болгон фактылар боюнча иш алып барууда өспүрүмдөргө басым жасоо менен ведомстволор аралык механизмди  жөнгө салуу;

Ссылка: https://barometr.kg/j-bllk-zombulukka-karshy-zhay-dolboor-ishke-kirdi



Добавить комментарий