Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жаңы долбоор ишке кирди
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жакшыртуу боюнча жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Бүгүнкү күндөн тарта коронавирус учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү борборлорун жана 111 – “Балдар үчүн ишеним телефону” борборун колдоо үчүн жаңы долбоор ишке кирди.
Ал жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашууда.
“Карантин учурунда үй-бүлөдөгү аялдарга, өспүрүм кыздарга, балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга жогорулады. Ишеним телефонуна чалуулардын саны кескин көбөйүп, быйылкы төрт айда 2 440 ирет кайрылуу түшсө, алардын 191и балдар болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөнкү кызматтар ишке кирет:
•“Балдар үчүн 111 ишеним телефону” борборунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
•Зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан өспүрүм кыздардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана кызматтардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
•Балдарды ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо боюнча тиешелүү органдардын ведомстволор аралык координациясын жакшыртуу;
•Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болгон фактылар боюнча иш алып барууда өспүрүмдөргө басым жасоо менен ведомстволор аралык механизмди жөнгө салуу;
Ссылка: https://barometr.kg/j-bllk-zombulukka-karshy-zhay-dolboor-ishke-kirdi
Добавить комментарий ×