Изилдөө: Айланаңыздагы адамдардын энергиясы сизди көмөлөтөт же көкөлөтөт!

30 май 2019 14:40 6192 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Адамдар айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын энергиясын өзүнө сиңирип алууга жөндөмдүү. Мындай таң калыштуу бүтүмгө келүүгө Билефельд университетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр себеп болгонун окумуштуулар билдиришти. Бул тууралуу  barometr.kg. төмөндө сизге кененирээк сунуштайт.

Окумуштуулар биз ар дайым чогуу жашап жана иштеген адамдардын энергиясынын таасиринде болорубузду далилдешти.   

Гүлдөр өсүш үчүн аларга суу, топурак жана жарык керек. Адамдар дагы ошондой болушат. Биздин физикалык дене дагы губка сыяктуу айланадагы нерселердин бир бөлүгүн өзүнө сиңирип алат. Адамдын денеси өзүнүн эмоциялык абалы үчүн башка адамдар бөлгөн энергияны сиңирет. 

Ар бир адамдын айланасында биздин баардык энергияны соруп ала турган адамдар бар, мындай адамдардын “чабуулунан” кийин көбү бутун тарта албай чарчап калат. Алардын карама-каршысы болгон адамдар менен сүйлөшкөн учурда канат бүткөндөй эргип, маанайыңыз көтөрүлөт.

Ошондой эле адамдар флора менен фаунадан дагы чыккан энергияны ала ала турганы изилденүүдө. Дал ушул себептен улам жаратылыштын койнуна эс алууга чыккан адам кадимкидей чарчаганы басылат.

Мындан тышкары акыркы кездерде зоотерапия-адамдарды үй жаныбарларынын жардамы менен дарылай турган багыт да пайда болду.

Энергия бул-дене кандайдыр бир тапшырманы аткара турган күч. Биздин денебиз энергияны өзүн жана айланадагы адамдарды өзгөртүш үчүн топтой алат. Чындап келгенде биздин ишмердигибиздин кайсы гана түрү болбосун ал жогорудагы энергиянын берилиши болуп саналат.

Кайсы гана жандуу зат болбосун энергиянын ар түрдүу түрлөрүнө муктаж, биз аны тамак-аш жана суусундук аркылуу алабыз. Ошондой эле жаратылыштан тактап  айтканда шамалдан, суудан, жылуулуктан, жарыктан жана башкалардан алабыз.

Биздин маанайыбыз эки фактордон: энергетикалык абалдан жана нервдик-психикалык абалдан көз каранды болот.

Адамдын энергиясы төмөн болгон маалда анын турмушу кыйындап, кыйынчылыктары көбөйүп кетет.Бул үчүн адам жакшыклыктарды жасап, айланасына жакшы адамдары топтошу керек. Айланабызга позитивдүү адамдары гана топтобостон биз дагы өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Энергиябыз оптималдуу деңгээлде болушу үчүн төмөнкү кеңештерди аткара билиңиз!

Алдыга максат коюп алуу-энергияны топтоого көмөк берет.

Эч нерсеге каршы болбой жашоо. Мисалы, бир адамды жаман көрсөңүз ал кайра сизге жабышат, бир ишти жасабайм десеңиз ал иш кайра кайра алдыңызга келе берет.Жашоонун жана энергиянын мыйзамы ушундай. Муну кыргыздар “ат баспайм деген жерин үч басат” деп коюшат.Ошондуктан баарын түшүнүү менен кабыл алып каршы болбоңуз!

Өзүңүздү жемелей бербей алыңыз жеткен чекте гана иш жасоо.

Дайыма мотивация болуп туруш үчүн кызыктуу өзүбүз жактырган иш менен гана алектенүү.

Буларга позтивдүү айлана-чөйрөнү, мыкты маектеш адамды,  чыныгы досторду жана жакшы жубайды кошкондо ар дайым маанайыңызды ачып жашоону көрккө бөлөп жашагыңыз келет.

Жакшы маанайдагы адамдар менен болсоңуз оң энергияга ээ болуп эң жакшы көмөк аласыз. “Жандоочу кийик аттырат” деген бабалардын кебин ар дайым эстен чыгарбаңыз! Анын мааниси жакшы адам жакшы гана ишке өбөлгө болот деген сөз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/izild-ajlanayzdagy-adamdardyn-energiyasy-sizdi-kmltt-zhe-kkltt



Добавить комментарий