Бишкекте жаш келин беш жашар кызын таштап, иш издеп кеткен бойдон дайыны жок
Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районунан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу изделип жаткан келиндин эжеси “Барометрге” билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021 жылдын 28-февраль күнү 1993-жылы туулган Айдар кызы Айнуска түштөн кийин саат 15:00дор чамасында эжеси менен чогуу жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Эжеси жумушта болгон убакта үйүндөн жумуш издеп келем деп чыгып кеткен.
Айдар кызы Айнуска акыл-эси жагынан бир аз артта калган. Аны үйүндө беш жаштагы кызы күтүп жатат.
Үстүндө кийген кийимдери: кара дубленка, бутунда галош, башында баш кийими жок жылаң баш болгон.
Айдар кызы Айнуска тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюшуңуздарды суранабыз.
Көргөн билгендер болсо байланыш телефону: 0773062670
Добавить комментарий ×