Бишкекте жаш келин беш жашар кызын таштап, иш издеп кеткен бойдон дайыны жок

2 марта 2021 12:17 5532 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районунан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан  28 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу изделип жаткан келиндин эжеси “Барометрге” билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021 жылдын 28-февраль күнү 1993-жылы туулган Айдар кызы Айнуска  түштөн кийин саат 15:00дор чамасында эжеси менен чогуу жашаган батирден чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Эжеси жумушта болгон убакта үйүндөн жумуш издеп келем деп чыгып кеткен.

Айдар кызы Айнуска акыл-эси жагынан бир аз артта калган. Аны үйүндө беш жаштагы кызы күтүп жатат. 

Үстүндө кийген кийимдери: кара дубленка, бутунда галош, башында баш кийими жок жылаң баш болгон.

Айдар кызы Айнуска тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо кабарлап коюшуңуздарды суранабыз.

Көргөн билгендер болсо байланыш телефону: 0773062670

Ссылка: https://barometr.kg/izd-salabyz-bishkekte-28-zhashtagy-kelin-besh-zhashar-kyzyn-tashtap-ish-izdep-kelem-degen-bojdon-kajrylyp-kelgen-emes



Добавить комментарий