Италияда коронавирустан каза болгондор 148 кишиге жетти
Италияда коронавирустан көз жумгандардын саны 148 кишиге жетти. Бул тууралуу South Сhina Morning Post басылмасы жазды.
Андан тышкары бул мамлекетке вируска кабылгандардын саны 3858 кишини түздү.
Ал эми 6-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча коронавирустан жалпысынан 3 383 киши болсо, 97 933 кишиге оору расмий түрдө жукканы аныкталган. Ошол эле маалда 55 185 киши оорудан сакайып үйүнө чыгарылган.
Кыргызстан дагы бул оорунун алдын алып, анын өлкө ичинде жайылып кетишине өкмөт бир катар аракеттерди көрүп жатат. Бирок айрым жерлерде мүчүлүштүктөр бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып чыкты.
Анын айтымында, “Манас” аэропортуна коюлган тепловизорлор жетишсиз жана ал жакта иштегенге шарт түзүлгөн эмес.
Өкмөт Кыргызстанда коронавируска кабылган же катталган учур жок экенин билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-koronavirustan-kaza-bolgondor-148-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×