Кыргызстандык балбан Жаркынай Нурлан кызы күрөш боюнча чемпионаттан коло медаль тагынды
Кыргызстандык спортчу Жаркынай Нурлан кызы Италияда өткөн күрөш боюнча чемпионаттан коло медаль тагынды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.
Маалым болгондой, чемпионат 17 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн.
Турнир ушул күндөрү Римде өтүп жатат. Жаркынай Нурлан кызы 27-июлда 65 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалдан старт алган. Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан кыз Түркиянын спортчусун жеңип алды.
Ал эми, чейрек финалда Индиянын спортчусуна жеңилип калды.
Жарым финалда Жаркынай Нурлан кызы жапониялык Анжу Сато менен беттешти. Ал мелдештин башталышын 3:0 эсебинде ачып, көп өтпөй атаандашына 5 бал алууга мүмкүнчүлүк берип койду. Беттештин аягында Нурлан кызы алдыга озуп чыгып, акыркы мөнөтөрдө упай алдырып жиберди. Жыйынтыгында Кыргызстандык балбан кыз 6:5 эсебинде жеңилип калды.
28-июлда Жаркынай Нурлан кызы финалдык 3-орун үчүн америкалык Сидней Перри менен беттешти. Кыргызстандык балбан 7:0 эсебинде жеңишке жетип, коло медаль тагынды.
Ошондой эле, дүйнө кубогунун ээси Айпери Медет кызынын биртууганы Медет кызы Айтолкун да Мелдешке чыкты. Ал мелдешти жеңиш менен баштап, бирок, экинчи беттешүүдө өзбекстандык балбанга жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн четтеп калды.
Добавить комментарий ×