Италияда коронавирус жуктурган ар бир онунчу киши дарыгерлер
Бөлүшүү:
Коронавирус жуккан дарыгерлердин орточо жаш курагы 49 жаш.
Италияда коронавирусту 6,5 миң дарыгер жуктуруп алды. Саламаттыктык сактоо боюнча жогорку институтунун маалыматы боюнча бул жалпы коронавирус жуккандардын 9 пайызын түзөт.
Вирустан 51 дарыгер өлдү. Мындай абалдын жаралышынын бирден бир себеби, коронавирус алгач өлкөдө жайыла баштаганда эч ким маани бербей, дарыгерлердин көбү коргоочу кийимдери жок эле иштешкен. Андан сырткары пенсияга чыккан дарыгерлер дагы келип жардам беришкен.
Вирус жуккан дарыгерлердин 65 пайызы аялдар, 35 пайызы эркектер.
Ссылка: https://barometr.kg/italiyada-koronavirus-zhukturgan-ar-bir-onunchu-kishi-darygerler
Добавить комментарий ×