"Исмаил Матраимов" фонду коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 10 млн. сом которду
"Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо тармагына медициналык жабдыктарды, жардамга муктаж калктын катмарына медициналык бет каптарды жана ун, май азыктарын таратып берип келүүдө. Мындан тышкары атайын ачылган мамлекеттин эсебине 10 000 000 сом которду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.
"Берилген жардам, кошкон салымдар COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүдө натыйжа берип, элибиз ылаӊдын сыноосунан курмандыксыз өтүп кетсин деген тилегибизди билдиребиз", - деди Матраимов.
Буга чейин да "Исмаил Матраимов" фонду Кыргызстандын дээрлик бардык аймагына жардам көрсөткөн. Атап айтканда, калктын аярлуу катмарына ун, май, кесме тараткан. Андан сырткары ооруканаларга коргоочу кийимдер, беткап, колкап, антисептиктерди жана керектүү медициналык аппараттарды берген.
Добавить комментарий ×