“Исмаил Матраимов” фонду 20 ИВЛ аппаратын алып келет. Учурда экөө келип, Оштогу ооруканага берилди
“Исмаил Матраимов” фонду чет өлкөдөн 10 даана стационардык жана 10 портативдик жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) жабдыктарын сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.
Ага ылайык, 2 стационардык ИВЛ аппараты Ош облусундагы ооруканага берилди.
“2 стационардык аппарат колубузга тийип, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына өткөрүп бердик. 8 ИВЛ жабдыгы жолдо келе жатат, калган 10ун алып келүү боюнча аракеттер жүрүүдө. Алдыӊкы күндөрү жабдыктар толугу менен келип, Саламаттык сактоо тармагына өткөрүлүп, колдонууга берилет”, — деди ал.
Андан сырткары фонд тарабынан аймактарга дагы жардамдар берилүүдө. Талас облусундагы аз камсыз болгон жана жардамга муктаж адамдарга таратылды.
“50 тонна ун жана 3 000 даана бет капты - жергиликтүү бийлик жана активдүү жаштар тийешелүү даректерге жеткирүүгө көмөк кылышты, аларга ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, ишемби күнү Талас облусуна дагы кошумча 50 тонна ун жөнөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетчү нерсе, касиеттүү Талас жергесинде илдет катталган жок.
Ошондой эле, Чүй облусунун райондоруна азык-түлүк жана бет каптар кезеги менен таратылып жатат. Анын катарында Панфилов районуна дагы жардам жеткирилди. 500 кап ун, 5 000 медициналык бет каптар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, медицина кызматкерлери жана тартип сакчыларына таратылып берилди.
Чүй облусунун Москва районунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж жарандарга, медицина кызматкерлери жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине 500 кап ун, 5000 бет кап таратылды.
Добавить комментарий ×