Исхак Масалиев: Депутаттарга ыйгарым укуктарын узартууга ким укук берди. Мен Текебаевден муну күткөн эмесмин
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Масалиев парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн узарышы жана Конституцияга реформа дайындалышы тууралуу үн катты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Жогорку Кеңештин депутаттары үч окууда бир добуштан мыйзамды кабыл алышкандыгын, ага ылайык кийинки парламенттик шайлоо токтотулуп, Конституцияга реформа дайындалып, андан кийин гана, башкача айтканда, беш алты айда шайлоо болушу мүмкүн деп окудум. Ал эми, депутаттар ушул айларда айлык алышат буга эмне дейбиз. Бул мыйзамдуу башаламандык десек болот.
Депутаттарга ыйгарым укуктарын узартууга ким укук берди? Мен, салык төлөөчү катары, парламенттин ушул курамын белгиленген мөөнөттөн ашык иштешине каршымын.
Депутаттарга бүтүндөй эл үчүн чечим чыгарууга ким укук берди?
Бир ууч “саясатчыларга” Конституциянын жана конституциялык мыйзамдардын жоболорун бир ооздон жокко чыгарууга ким уруксат берди?
Шайлоо босогосун жана күрөөнү кыскартуу боюнча түзөтүүлөрдү биринчи окууда кабыл алып, эмне үчүн депутаттар күтүлбөгөн жерден бир катар мыйзамдардын иштешин токтото турууну чечишти, мен үчүн түшүнүксүз?
Эң негизгиси, мыйзамдын авторлорунун аргументи - кырдаалды турукташтыруу максатында жана башкалар.
Бул согуш, революциябы? Ачкачылыкпы же кризиспи? Укуктук талаага кайтып келген жокпузбу?
Азыркы депутаттар, алтургай Садыр Жапаров жана анын командасы шайлоого даяр эмес, утулуп калышы мүмкүн. Ошентип, алты айга жылыш үчүн, каршылаштарын кезек-кезеги менен "данктап", командасын чогултуп, көпкө чейин билийкте турууга аракет кылып жатышат. Бул айдан ачык.
Мен сыйлаган саясатчы аксакалдан - Өмүрбек Чиркешевичтен ушуну күткөн эмесмин.
Эмнегедир уялдым .
Мен Садыр Жапаровду депутаттардын бул "шедеврине" кол койбоого чакырам. Эгер кимдир бирөө аны макул болууга ынандырса, ал жөн гана анын душманы жана акылсыздык.
Канчага чейин элди алдоого болот”, - деп чакырык жасады Масалиев.
Добавить комментарий ×