Исхак Масалиев: Депутаттар эмгек өргүүсүнө 200-300 миң сомдон акча алышты

1 июль 2021 16:13 2882 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-депутат Исхак Масалиев анын мурдагы кесиптештери алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктарын мыйзамсыз узартып алып өз убадаларын бузушту деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн  Facebook баракчасына жазды.

“Жогорку Кеңеш...Керек болсо айлык да албайбыз деген сөздөр эсиңерде барбы? Конституцияны кабыл алып, анан жаңы шайлоо болот деп мыйзам кабыл алышкан болчу, мөөнөтүн 2021-жылы июнга чейин узартышкан. Ал мыйзамдын аткарылышын ойлоп да койгон жок. Эми, чарчашып каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 миң сомдон 300 миң сомдон акча берилет. "Отпускной" дейт аны...”, - деп жазды экс-депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-июнда эл өкүлдөрү каникулга кетишкен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ishak-masaliev-deputattar-emgek-rgsn-200-300-mi-somdon-akcha-alyshty



Добавить комментарий