Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга кетишти

30 июня 2021 19:47 601 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын сегизинчи сессиясы бүгүн, 30-июнда аяктады жана депутаттар каникулга кетишти.

Сессияларда 131 мыйзам долбоору, 615 токтом кабыл алынды, өкмөт башчынын, башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсеп палатасынын башчыларынын отчеттору угулду.

Баардыгы болуп 13 миң 393 жарандын кайрылуусу каралды, 22 депутаттык комиссия түзүлдү.

Депутаттардын иши сентябрь айында башталат.Эл өкүлдөрү Кыргызстандын гимнин угуп ишти аякташты.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputattary-kanikulga-ketishti



Добавить комментарий