Иранда үйлөнүү тою учурунда турмушка чыгып жаткан кызды атып өлтүрүп кетти
Иранда үйлөнүү үлпөт той учурунда ок атуу салты турмушка чыгып жаткан кыздын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, ок 24 жаштагы турмушка узап жаткан кыздын башына тийип, дагы эки конок жаракат алган.
Окту күйөө баланын тууганы аңчылык мылтыгынан чыгарган. Кандуу окуядан кийин ал качып кеткен. Милиция кызматкерлери ал адамдын куралга лицензиясы жок экенин жана ал курал менен кантип иштөөнү билбегенин аныкташкан. Көп өтпөй шектүүнү кармалган.
Кармоо учурунда колуктуну өлтүргөн курал анын жанында болгон.
Каза болгон кыздын үй-бүлөсү анын органдарын үч адамга донорго беришкен.
Белгилүү болгондой, маркум социалдык кызматкер болуп иштеп, баңгизатка көз каранды болуудан арылууга жардам берип келген.
Ссылка: https://barometr.kg/iranda-jln-lpt-toyu-uchurunda-turmushka-chygyp-zhatkan-kyzdy-atyp-ltrp-ketti
Добавить комментарий ×