Иракта өлүм жазасына тартылганы жаткан үч кыргыз аялга жардам керек

11 октябрь 2018 11:20 4801 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Иракта өлүм жазасына тартылган, Асель Асилжан кызынын туугандары, аны сактап калууну суранышууда. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. 

«ММКга ылайык, Ирактын абагында кыргызстандын үч жараны – Асель Асилжан кызы, Зухра Кадирова, Фатима Маруфжанова жатат. Булар үчөө тең

 бири-бирине тууган. Мага WhatsApp билдирүү аркылуу жардам сурап, Асель Асилжан кызынын байкеси кайрылды. Ал Аселди Кыргызстанга өткөзүп берип, жазадан сактап калуусун өтүндү. Мен мамлекеттик кызматкерлерге ачык кайрылдым, жообун күтүп жатабыз» - деди Гүлшайыр Абдирасулова.

Кыргызстандын үч жараны 10 жаштагы балдары менен, аялдардын абагында, багдад сотунун чечимин күтүп жатышат. Аларды терроризмге шектүү деп жана Ирак чек арасын мыйзамсыз өткөн деген айыптоо менен кармалышууда.


Ссылка: https://barometr.kg/irakta-lm-zhazasyna-tartylgany-zhatkan-ch-kyrgyz-ayalga-zhardam-kerek



Добавить комментарий