Инвалид баланын сабалышы боюнча апасы милицияга арыз жазды

22 май 2021 11:04 1879 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги "Аутизмди жеңебиз" борборунда баланын сабалышы боюнча окуя КРнын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын көзөмөлүндө. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.  

21-майда аталган борборго келип жаткан церебралдык шал оорусу менен ооруган алты жаштагы баланы мекеменин кызматкери токмоктогону белгилүү болгон.

Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн Рысбекова баланын энеси Назгүл Асанова менен жолугуп, ал жалпы үй-бүлөнүн абалы жана окуя жөнүндө айтып берди. Учурда аталган үй-бүлө Иса Ражапалиевге адистештирилген кызматтарды алуу үчүн Ош облусунан Бишкек шаарына убактылуу көчүп келгендиги белгиленди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкүл балдардын укуктары боюнча балдарга карата мындай зордук-зомбулук фактыларын көзөмөлдөө келечекте күчөтүлөрүн баса белгиледи.

Социалдык кызматтарды көрсөткөн бардык уюмдардын кеңселерине видеокамераларды орнотуп, жумушка алууда кызматкерлерди кылдаттык менен тандап алууну, ушул уюмдарда иштеген кызматкерлерге талапты күчөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.

Белгиленгендей, баланын энеси Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне арыз жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/invalid-balanyn-sabalyshy-boyuncha-okuya-baldardyn-ukuktary-boyuncha-yjgarym-ukuktuu-klnn-kzmlnd



Добавить комментарий