Интернетте Бакиевдин китебин алабыз деп талашып кезекке турган мигранттардын видеосу тарады
Интернетте мурунку президент Курманбек Бакиевдин "Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм-Кыргызстаным"-деген китебин алуу үчүн миңдеген мигранттар кезекке тургандагы видеосу тарады. Аны Фейсбуктагы баракчасына Аскат Тейит деген журналист мындай деп жазган:
"Курманбек Салиевичтин калемине таандык "Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм-Кыргызстаным"- китебин сүйүп окуган миңдеген мекендештерибиз бар".
Бакиев бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы «Элдик ыңкылаптын» («Жоогазын ыңкылабынын») жеңишинин аркасында келген. 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп чыгып, натыйжада Бакиев ак үйдөн Ош шаары аркылуу туулуп-өскөн айылы Тейитке качып кеткен, андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларусияга качып, ушу тапта аталган өлкөдө жашайт. 7-апрелдеги кандуу толкундоолордо көптөгөн кыргыздын атуулдары атылып, жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Добавить комментарий ×