Назарбаев Акаев менен Бакиевди Кыргызстандан кантип алып чыгып кеткенин айтып берди

16 декабрь 2020 10:02 1479 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын мурунку президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып кетүүгө кандайча жардам бергенин айтып берди. Бул тууралуу анын "Хабар" телеканалына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Мен Кыргызстан жөнүндө айта кетишим керек.  Кыргызстандын туңгуч президенти Акаевди мен Бишкектен Таразга вертолет менен алып чыгып кеткем. Ошол учурда абал оор болчу, анын тарапташтары ок чыгарышса кан төгүлүп кетмек, бирок эч кандай тирешүү болбошу үчүн, мен аны алып чыгып кеткем.

Андан кийин ошол эле окуя кайра кайталанып, кийинки президент Курманбек Бакиевге нааразы болгон эл көтөрүлүшкө чыкты. Бакиев Ошто тарапташтарын чогултуп, аларды куралдандырып, Бишкекти көздөй жөнөөгө даяр турган. Мен: "Курманбек эмне кылып жатасың, эмне үчүн? Кан төгөсүң. Кайра президент болгуң келеби? Андан кийин кантип иштейсиң?" дедим. Ошол учурда  убактылуу президент болгон Роза Отунбаева менен байланышсам ал "бир нерсе кыл, Курманбекти тынчтандыр" дейт. Мен Курманбекке чалып: "Сени ал жактан, Оштон алып кетейин. Кийин  сүйлөшүп аласың, менин жанымда болосуң, ушул жерде" дедим. Мен аны араң көндүрдүм ", - деди Нурсултан Назарбаев  "Хабар" телеканалына берген маегинде.

Назарбаевдин айтымында, ал учурда Вашингтондо антиядролук маселелер боюнча жыйын өтүп жаткан.

"Биз Вашингтондо болчубуз. Ал учурда Россиянын президенти Медведев болчу. АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама эле. Үчөөбүз туруп шыбырашып отурган сүрөт бар. Биз Кыргызстан жөнүндө кеп кылып, жарандык согуш башталып жатат деп талкуулап жатканбыз.

Бакиев куралданып алып Бишкекти көздөй аттанганы жатат, бир нерсе кылыш керек дедим. Мен айттым Бакиевди Кыргызстандан алып чыгып кетем деп. Болгону менин учагымды орусиялык аба аскерлери коргоп берүүсүн сурандым.

Ошондо Казакстандын Коргоо министри Адилбек Жаксыбеков болчу. Мен ага учак алып Кыргызстандын президентин коңшу өлкөдөн чыгарып кетиш керек экенин айттым. Ал аскердик чалгындоо иштерин жүргүзө  баштаган. Ош шаарындагы аэропорттон Бакиевди жана анын жакындарын алып чыгып кеттик. Эгер биз мындай кадамдарга барбасак көптөгөн кан төгүүлөр болуп, жарандык согуш башталып кетмек”, - деди Назарбаев.


Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbaev-askar-akaev-menen-kurmanbek-bakievdi-kyrgyzstandan-kantip-alyp-chygyp-ketkendigin-ajtyp-berdi



Добавить комментарий