Интернетте Бакиевдин китебин алабыз деп талашып кезекке турган мигранттардын видеосу тарады

26 ноября 2018 14:31 1539 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Интернетте мурунку президент Курманбек Бакиевдин "Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм-Кыргызстаным"-деген китебин алуу үчүн миңдеген мигранттар кезекке тургандагы видеосу тарады. Аны Фейсбуктагы баракчасына Аскат Тейит деген журналист мындай деп жазган: 

"Курманбек Салиевичтин калемине таандык "Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм-Кыргызстаным"- китебин сүйүп окуган миңдеген мекендештерибиз бар".

Бакиев бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы «Элдик ыңкылаптын» («Жоогазын ыңкылабынын») жеңишинин аркасында келген. 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп чыгып, натыйжада Бакиев ак үйдөн Ош шаары аркылуу туулуп-өскөн айылы Тейитке качып кеткен, андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларусияга качып, ушу тапта аталган өлкөдө жашайт. 7-апрелдеги кандуу толкундоолордо көптөгөн кыргыздын атуулдары атылып, жарык дүйнө менен кош айтышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/internette-bakievdin-kitebin-alabyz-dep-talashyp-kezekke-turgan-migranttardyn-videosu-tarady



Добавить комментарий