Лукашенко Бакиевке өзүнүн жеринин 70 соттук эки тилкесин бөлүп берди
Беларусиянын президенти Бакиевке эки жер тилке бөлүп берди. Бул тууралуу маалыматты «Барометр» TUT.BY басылмасына шилтеме берип которду.
Беларусиянын президенти Александр Лукашенко «Заславль-2» резиденциясынын жанынан Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевге жалпы аянты 70 гектар болгон эки жер тилкесин бөлүп берди.
Участоктор 2019-жылдын декабрь айынан тарта Лукашенкого өмүр бою "кызматтык пайдаланууга" берилген.
«17-мартта Бакиевге жеке көмөкчү участокторун жүргүзүү үчүн 45 гектар жер аянты берилген. Ошол эле күнү курулуш жана турак жайга дагы 25 гектар жер бөлүнгөн», - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев 2005-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын президенти болгон. Ал бийликке Аскар Акаевдин өкмөтүнө каршы жоогазын революциясынан кийин келген, бирок 2010-жылы 7-15-апрелде оппозиция аны кулаткан. Анда 87 адам каза болгон.
Апрель окуяларынан кийин Бакиев Кыргызстандан качып кеткен. Азыр ал үй-бүлөсү менен Беларусияда жашайт, ал жердин жарандыгын алган. 2015-жылы ал Минск шаарында үй куруп, 2019-жылы кызына өткөрүп берген.
Кыргызстандын бийлиги Беларусиядан Бакиеди өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал британ бизнесмени Шон Дейлдин өмүрүнө кол салуу уюштурган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Мурунку президент 30 жылга эркинен ажыратылып, издөөгө алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/belarusiyanyn-prezidenti-bakievke-70-gektardyk-2-zher-tilke-blp-berdi
Добавить комментарий ×