Бабановду сүйгөн кыз:"Сүйүүнүн азабына салып бир жарым жыл сыртта жүрдүңүз"

12 апрель 2019 18:56 25223 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 13-апрелде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келээри маалым болгондон кийин саясат өкүлдөрүнөн да карапайым калк катуу дүрбөлөңгө түшүүдө. Саясатка түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да өз оюн билдирип, алдыда эмне болоорун болжолдоп да жиберишүүдө.

Бүгүн фейсбук барактарына Бабановду сүйгөн кыз жазган посту кызуу талкууга алынууда. Постту Айдана Каримова аттуу кыз жазган. Ал өз постуна:

“Өмүрбек байке сизди келет дегенден бери таң атып күн чыкпай жатат. Ар бир мүнөт өтпөйт. Сизди узатаарда мойнуңузга асылып көпкө кучагыңызда турдум эле. Сүйүүнүн азабына салып бир жарым жыл сыртта жүрдүңүз. Эртең келээр менен мен сизди баягы жактан күтөм”, -деген билдирүү таратып Өмүрбек Бабановдун сүрөтүн тиркеп койду.

Бул билдирүү айрым фейсбуктагы топторго да бөлүшүлүп кетти. Көпчүлүк бул маалыматты жана бул сөздөрдү Бабановдун атын каралоо үчүн даярдалган деген пикирлерин билдиришүүдө.

Айдана Каримованын баракчасында өзү тууралуу толук маалымат дээрлик жокко эсе. Ал Талас облусунан экендигин жана Бишкек шаарында жашаарын гана жазып койгон.

Бул баракчанын ээси чындыгында ушул кызбы же бул атайын даярдалган интригабы деген суроого азырынча жооп жок.

Ссылка: https://barometr.kg/internette-babanovdun-kldsh-pajda-boldu-sjnn-azabyna-salyp-bir-zharym-zhyl-syrtta-zhrdz



Добавить комментарий