Интернетке Гүлзат Мамытбекти туурап таанылган жигиттин маеги: "Менин эгизим бар"
Кыргыз коомчулугунда “хайп” деген түшүнүк пайда болгондон тарта адамдар өз өнөрүн көрсөтүүгө, элге таанылууга аракет кыла башташты. Алардын бири өзүн кыргыздын деми деп атаган, ырчы Гүлзат Мамытбек. Мамытбектин жүрүм-турумун эл дайыма “хайп” деп атап келет. Жакынкы күндөрү интернет булактарына Гүлзат айымды өзүнөн да ашыра окшоштуруп туурап берген жигиттин видеосу тарап коомчулукка кызуу талкууну жаратты. Видео тасмадагы Алиакбар Barometr.kg редакциясына маек берип өзүн элге тааныштырды.
“Менин аты-жөнүм Каныбек уулу Алиакбар, Ыссык-Көл облосуна караштуу Тоң районунун Көлтөр айылында 2000 жылы туулгам. Атам айылдагы мечитте имам болуп иштейт. Апам Караколдогу музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Мага талант ата-энем аркылуу келген деп айтсам да болот. Алар чыгармачылыкты аябай сыйлаган адамдар”
-Сен Гүлзат Мамытбекти туураганга чейин да юмор жагы менен алектенчү белең?
“Мен өзү бала кезимен эле ушинтип адамдарды туураганга абдан кызыкчумун. Породистмин деп коёюнчу. Ал эми мени чыгармачылыка, элге аралаштырган менин бир тууган агам болду. Агама рахмат айтам. Азыркы учурда байкемдин телепроектиси бар ошондо продюссер болуп эмгектенем.”
-Продюссер болуп иштесең, анда окуу кандай болуп калды? Же жогорку билим алуудан баш тарттың беле?
“Жок баш тарткан эмесмин, учурда 1-курстун студентимин. 2018-жылы Бүбүсара Бейшеналиеева атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин актёр-драм бөлүмүнө тапшыргам. Мен жогорку билим алып кыргыз маданиятына зор салым кошкум келет. Мурда да мектептик деңгээлдеги бр нече кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга жеткем. Породия кылганга абдан кызыгам. Гүлзат эжени тууганга чейин эле кыргыздын белгилүү инсандарын, айрым саясатчыларды туурап келгем. Мен дайыма таанымал адам болууну каалачымун. Кыялдарым орундалып келе жатат десем да болчудай.”
-Окуу менен жумушту айкалыштырып кетүүдө кыйынчылыктар жаралган жокпу?
“Мага көптөр биринчи диплом алып ал анан ишти башта деп айта беришет. Бирок баары адамдын өзүнөн да, мен буюрса спонсорлорду, иштешкен адамдарды тапсам чоң маданият кызматкери болом. Буюрса Кыргызстанда мурда боло элек проектти алып чыгам.”
-Улуу агам деп калдың, канча бир туугансың?
“Мен 7 бир тууганмын. Айтмакчы менин эгизим бар экенин да айтпаптырмын э. Гаухара аттуу эгизим бар”
Маегиңе чоң рахмат, ийгилик!
Ссылка: https://barometr.kg/internetke-glzat-mamytbekti-tuurap-taanylgan-zhigittin-maegi-menin-egizim-bar
Добавить комментарий ×