Instagram 2020-жылдын эң популярдуу билдирүүлөрүн жарыялады. Алар кайсы атактуулардын посттору?
Instagram социалдык тармагынын аналитиктери 2020-жылы эң көп лайк алган популярдуу билдирүүлөрдүн тизмесин түзүштү. Бул тууралуу Billboard жарыялаган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Биринчи орунду футболчу Криштиану Роналдунун билдирүүсү ээледи. Анын 2020-жылдын ноябрь айында көз жумган легендарлуу форвард Диего Марадонанын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу билдирүүсү 19,7 миллион лайк топтогон.
Эң популярдуу экинчи пост былтыр актер Чедвика Боузмандын 43 жашында рак илдетинен көз жумгандыгын жарыялаган анын расмий баракчасы табылды. Билдирүү 19,1 миллион лайк топтогон.
Ошондой эле, Лионель Месси алдыңкы үчтүккө кирди. Месси да Диего Марадонаны эскерип, футбол легендасы менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Бул пост 16,4 миллион лайк топтогон.
Кийнки орунду баскетбол оюнчусу Леброн Джеймс ээледи. Легендарлуу баскетбол оюнчусу Коби Брайанттын жаркын элесине арналган анын билдирүүсү 15,4 миллион колдонуучу тарабынан бааланган.
Бешинчи орун ырчы Арина Грандеге тийди. Декабрдын аягында кыймылсыз мүлк агенттиги Далтон Гомеске турмушка чыгарын жарыялаган анын сүрөттөрүнүн сериясы 15,5 миллион окурманды өзүнө тартты.
Добавить комментарий ×