«Империи пиццы» кафесинен уулангандардын саны 179 адамга жетти

26 октября 2021 11:33 2635 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 26-октябрда саат 11:00гө карата Бишкек жана Чүй областынын саламаттыкты сактоо мекемелерине тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны 179 адам болсо, анын 18и балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Бүгүнкү күндө 50 жабырлануучу станционардык жардам алууда.

Анын ичинен:

13 адам-Темир жол ооруканасына

12 адам-Тез медициналык көмөк балдар клиникалык ооруканасына

24 адам-Улуттук госпиталга

1 адам-Ысык-Ата жалпы дарыгерлик борборуна жаткырылды.

Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Калган жабырлануучуларга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/imperii-piccy-kafesinin-tamagyna-uulangandardyn-sany-179-adamga-zhetti



Добавить комментарий