Элмирбек Иманалиевдин кызы: "Жакындарсыз өмүр сүрүү абдан оор"
Төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана ырчы Гүлбү Орозкул кызынын кызы Айзуура Иманалиева жакын адамдарын жоготуу оор экенин айтып, вирустан жакындарынан айрылгандарга көңүл айтты. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Жакындарды келбес жайга узатуу, аларсыз өмүр сүрүү абдан эле оор. Бул аты өчкүр вирустан каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп жазган ал.
Эскерте кетсек, ак таңдай акын, кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде 42 жашында дүйнө салды. Ал эми ырчы, “Кыз-жигит сармердендин” алып баруучусу Гүлбү Орозкул кызы 2017-жылдын 6-октябрь күнү көз жумган.
Ссылка: https://barometr.kg/imanalieva-zhakyndardy-kelbes-zhajga-uzatuu-alarsyz-mr-sr-oor
Добавить комментарий ×