Ильяз Алимов: АФКнын чечиминде мен капитан болгонум үчүн эле курмандыкка чалындым
Азия футбол конфедерациясы (АФК) өмүр боюга футболдон четтеткен оюнчунун бири Ильяз Алимов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, бул иште ак экенин айтты. Бул тууралуу ал окуя боюнча “barometr.kg” сайтына маалымат берип жатып билдирди.
Биз Ильяз Алимов менен Facebook Messenger аркылуу байланыштык. Ал окуя боюнча комментарий бергенден баш тартты. Деген менен бир катар суроолорго жооп жазды:
- Ильяз салам.
- Ва алейкум ассалом
- Ильяз интернетте сен тууралуу кабарларды окуп, ишенип-ишенбей, эмне болуп кетти? деп кайрылгам да
- Ооба, Аллаха шүгүр, жакшымын, тынч эле...
- Азия футбол конфедерациясы сени дагы бир канча футболчуну матчтарды жең ичинен сатты, манипуляция жасады деп айыптап, футболдон тап-такыр четтеткенин жарыялады го?...
- Ооба, ошондой имиштер болуп кетти. Кыскасы, мен жок жерден эле илинип калдым... Чындыгында мен андай кылган эмесмин...
- АФК анда дадилили жок эле силерди айыптап жатабы?
- Башкаларды билбейм, мага карата далил жок. Мен эч кимден, эч бир тараптан акча алган эмесмин. Мен бир да беттешти акчага саткан жокмун. Мен команданын капитаны (ошол кезде “Алай” командасынын капитаны болчу) деп эле кетип жатам азыр бул иш боюнча...
- Эми эмне кылайын деген пландар бар?
- Маанай жок. План деле жок азырынча...
- Тийиштүү юридикалык уюмдарга кайрылып, аппеляция берип, өзүңдүн ак экениңди далилдейм деген ниетиң бардыр?...
- Ооба бар. Бирок эл аралык деңгээлде болушу керек экен. Ага ири көлөмдө акча керек экен. Кокус талаш мен тарапка чечилбей калса ошончо акчага күйүп кала берет экенмин. Ал тема боюнча да сүйлөшүп көрдүм.
P.S. АФК жакында эле кыргызстандык бир катар футболчуну өмүрүнүн акырына чейин футболдон четтетти. Алардын катарында “Дордойдун” мурдагы коргоочусу Курсанбек Шератов, “Алай” клубунун мурдагы футболчулары Ильяз Алимов (акыркы маалда Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” клубунда ойногон), Абдуазиз Махкамов жана Владимир Верёвкин бар.
Азия футбол уюму аларды 2017-2018-жылдары АФК Кубогундагы оюндарында манипуляция жасап, жашыруун сүйлөшүүлөргө тийиштиги бар, оюнга байланышкан букмекерлик ишмердүүлүктү да колдоого алган деп тапкан.
Мындан улан Кыргызстандын Премьер-лигасы (КПЛ) да аталган футболчуларды КПЛге байланышы бар бардык оюндардан четтеткен.
Добавить комментарий ×