Илим Карыпбеков: Эркектер идиш жууп, аялдарыбыз медаль алганы калды деп күтүп калабыз...

22 сентябрь 2019 11:51 19272 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков мырзалардын ордун аялдар, ал эми аялдардын ордун мырзалар ээлейби деген ачуу тамашасын социалдык баракчасына жазды.

“Жакында эркектер ушинтип шалпылдатып шашлык, тамак жазап, чай кайнатып, идиш аяктарды тыта жууп "Ой алтыным тиги чемпионатта күрөшүп, чуркап, секирип жатты эле, медаль алганы калды. Азыр келсе ачка болуп келет, батыраак тамак жасай калайын" деп калмай болдук окшойт э, достор. Аз эле калды окшойт ошого. Даярданып атам анан эмитен эле, кийин кыйыныраак болуп калбасын деп.

Анан кээде эркектер отуруп сүйлөшүп калабызго бирөөнү "Ой эркеееек экен" депчи. Жакында "даана кыыыыз", же "аяяяяял экен", же "О Айсулууууу" экен деп калабызго бул темп менен. Балдар, бирдеке кылсак болот эле?” - деп билдирди.



Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-erkekter-idish-zhuup-tamak-zhasap-ayaldarybyz-medal-algany-kaldy-dep-ktp-kalabyz



Добавить комментарий