Икрамжан Илмиянов жатак абакка которулду
Президенттик аппараттын мурунку жетекчисинин экс-орун басары Икрамжан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.
2019-жылы 30-октябрда Октябрь райондук соту Илмияновду алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салган. Ал эми 2020-жылы 19-июнда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөрткөн. Илмиянов 5,5 жылга эркинен ажыратылып, 800 эсептик көрсөткүч айып салынган. Ошондой эле ал келтирилген 10 млн 397 миң 235 сом чыгымды толугу менен төлөп берген.
«Илмияновдун жаза мөөнтү 1/3кө, тактап айтканда 8 ай 2 күнгө кыскартылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылы 20-октябрда башталган. Ал 2021-жылы 1-декабрда аяктайт.
Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык, оор кылмыш үчүн соттолгондор түзөтүү абагынан жалпы тартиптеги жатак абакка жаза мөөнөтүнүн 2/3 бөлүгүн өтөп бүткөндө которулат. Илмиянов 2020-жылы 27-апрелден кийин жатак абакка которула тургандардын катарына кошулган», - деп айтылат маалыматта.
Илмияновго ЖАМКтын атайын комиссиянын чечими менен 21-июлда жатак абакка которулду. Ал дагы 1 жыл, 4 ай жана 14 күн жаза өтөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/ikramzhan-ilmiyanov-zhatak-abakka-kotoruldu
Добавить комментарий ×