Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган үч жаран кармалды

13 июль 2020 19:02 835 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 ИИМ тарабынан бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар боюнча үч факты иликтенип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

 Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар үчүн мурда катталган сотко чейинки өндүрүш  боюнча ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен Биринчимай РИИБге митингке катышкан үч жаран жеткирилди.  

 1. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан  «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып өтө турган митингке чакырган 9 мүнөттүү болгон аудио жазууну тараткан жаран аныкталган.

Ошол эле күнү, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин  310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.

2. 2020-жылдын 17-июнь күнү  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу  “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда РФдин Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө тараткан.

2020-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Жазык кодексинин  310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган.

3.2020-жылдын 6-июль күнү  ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан “Facebook” социалдык тармагы аркылуу колдонуучу М.А. өз баракчасына “Жаңы вирус каптады” маалыматын жайгаштырып, 5G радио толкунунун зыяндуулугу жөнүндө көрсөтүп, Кавказ элин мисал катары келтирип, алар жогорудагы антеналарды өрттөп жаткандыгын айтып, өлкөнүн жетекчилигин сындаган. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорудагы факты КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү менен катталган.  

Жогоруда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүш боюнча соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып,  аудио жазуу менен комментарийлерди тараткандардын өздүгүн тактоого жана кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

11-июль күнү  ИИМдин ыкчам кызматкерлерине Ала-Тоо аянтында митингде жүргөн 1987-жылы туулган Т.А., 1987-жылы туулган А.С. менен 1986-жылы туулган К.Т. аттуу жарандардын жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн. Ыкчам алынган маалыматтын негизинде аталган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо үчүн тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө ыкчам кызматтарга жогорудагы жарандардын өздүгүн тактап, тергөө органына жеткирүү үчүн тапшырмалар берилген. 

Учурда  ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-terg-kyzmaty-tarabynan-bijlikti-kch-menen-basyp-aluuga-achyk-chakyryktar-boyuncha-ch-fakty-iliktenip-zhatat



Добавить комментарий