ИИМдин орун басары Курсан Асанов балдар үйүнө барды

14 январь 2019 15:52 1112 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов  бүгүн 14-январда аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте Красная-речка айылында жайгашкан ата-энелеринен кароосуз калган жетимдердин жана майыптардын мектеп-интернатына барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматта жазылгандай, 2019-жылы Красная-речкадагы мектеп интернатына ИИМдин кызматкерлеринин жетекчилик кылганына 24 жыл толот. Бүгүнкү күнү Красный речка мектеп-интернатында мектеп курагындагы 150 бала тарбияланаары айтылды. 

“Кыргыз республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамынын, ошондой эле жеке өзүмдүн атыман  сиздерди жаңы-жылыңар менен куттуктап,  бекем ден соолук, окууңарда, спортто жана башка жаңы ачылыштарда  ийгиликтер коштоп жүрө беришин каалап кетүүгө уруксат бериңиздер. Баардык жамандыктар өткөн жыл менен калсын, Жаңы-жыл сиздерге бир гана 
бактылуулукту алып келсин”-деди Курсан Асанов куттуктоо сөзүндө. 

Бардык чогултулган материалдык каражаттарга жаңы-жылдык белектер, азык-түлүк продуктулары, кир жуучу каражаттар, сыналгы жана ДВД плеер менен кошо кеңсе товарлар катарында жалпы суммасы 194 миң сомго сатылып алынып, интернаттын директоруна өткөрүлүп берилген. 



Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-orun-basary-kursan-asanov-baldar-jn-bardy



Добавить комментарий