ИИМдин орун басары Курсан Асанов балдар үйүнө барды
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн 14-январда аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте Красная-речка айылында жайгашкан ата-энелеринен кароосуз калган жетимдердин жана майыптардын мектеп-интернатына барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта жазылгандай, 2019-жылы Красная-речкадагы мектеп интернатына ИИМдин кызматкерлеринин жетекчилик кылганына 24 жыл толот. Бүгүнкү күнү Красный речка мектеп-интернатында мектеп курагындагы 150 бала тарбияланаары айтылды.
“Кыргыз республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамынын, ошондой эле жеке өзүмдүн атыман сиздерди жаңы-жылыңар менен куттуктап, бекем ден соолук, окууңарда, спортто жана башка жаңы ачылыштарда ийгиликтер коштоп жүрө беришин каалап кетүүгө уруксат бериңиздер. Баардык жамандыктар өткөн жыл менен калсын, Жаңы-жыл сиздерге бир гана
бактылуулукту алып келсин”-деди Курсан Асанов куттуктоо сөзүндө.
Бардык чогултулган материалдык каражаттарга жаңы-жылдык белектер, азык-түлүк продуктулары, кир жуучу каражаттар, сыналгы жана ДВД плеер менен кошо кеңсе товарлар катарында жалпы суммасы 194 миң сомго сатылып алынып, интернаттын директоруна өткөрүлүп берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-orun-basary-kursan-asanov-baldar-jn-bardy
Добавить комментарий ×