ИИМдин мурдагы биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев каза болду

4 июль 2020 10:55 1073 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин мурдагы биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

«Каргашалуу өлүм биздин катардан өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды. Ал өз убагында эл алдында кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана ардагерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон. Сабырбек Курманалиевдин милициянын ишин жакшыртууга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы чоң», - деп айтылат маалыматта.

Кызматындагы эмгектери үчүн "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүндүгү үчүн" медалы менен башка мамлекеттик жана түзүмдүк сыйлыктар менен сыйланган. Милициянын генерал-майору наамына жеткен.

Бүгүн милициянын генерал-майору Сабырбек Курманалиев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Доктурбек Курманалиев айылында аскердик жөрөлгөлөр менен акыркы сапарга узатылат.

Эскерте кетсек, Сабырбек Курманалиев 1954-жылы Чүй облусунун Дмитриевка айылында туулган.

«Барометрдин» жалпы жааматы Сабырбек Курманалиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-murdagy-birinchi-orun-basary-sabyrbek-kurmanaliev-kaza-boldu



Добавить комментарий