Жалал-Абадда ИИМдин кызматкерлери менен дарыгерлер чогуу иштешти

13 февраль 2020 10:56 579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токтогул РИИБнин кызматкерлери жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан даярдалган атайын баракчаларды таратышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.  

Коңшу өлкөдө жайылып жаткан коронавирус, кыш мезгиленде көп катталчу сасык тумоо тууралуу маалыматтар, алардын алдын алуу жолдору камтылган баракчалар айыл жерлерине дагы жеткирилди. Милиция бул кагаздарды эл көп топтолгон жайларга, соода түйүндөрүнө, ашканаларга илишип, мектеп окуучуларына, мугалимдерге таратышып, ошол менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле Ноокен РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү врачтар менен биргеликте район аймагындагы мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар учурда дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустан сактануу, алдын алуу багытында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. 

Андан сырткары милиция тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектеп рекетчилиги, топтошуп мушташууларды болтурбоо максатындагы жумуштар алып барылып, ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлгө алуу керектиги эскертилүүдө. 

Ал эми жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мектеп окуучулары жөө жүрүшкө чыгышып, жол эрежелерин сактоо боюнча атайын даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. 

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkerleri-menen-darygerler-choguu-ishteshti



Добавить комментарий