ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы 79 жылдык маарекесин белгиледи (Сүрөт)

24 август 2020 16:30 1020 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн,  ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы негизделгендигинин 79 жылдык маарекесин белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Салтанаттуу иш-чара  ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчылыгынын аймагында колбашчы полковник Исламбек Кенжегуловдун, аскер кызматкерлеринин жана чакырылган коноктордун катышуусунда өттү.

Колбашчы полковник Исламбек Кенжегулов аскер кызматынын өздүк курамын куттуктап, күжүрмөн даярдыктарындагы жетишкендиктери менен кесипкөйлүүлүктүн жогорку деңгээлин, кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарып жаткандарын белгиледи. Кызматында айырмалаган аскер кызматкерлери  ички иштер министри менен Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысынын буйруктарына ылайык медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын аягында ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын аскердик оркестри тарабынан уюштурулган концерттик программа көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күндө  ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматкерлери ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып, коомдук тартипти камсыздап, өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар мамлекеттик обьекттерди кайтаруу тапшырмаларын аткарууда.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-koopsuzduk-asker-kyzmaty-79-zhyldyk-maarekesin-belgiledi-srt



Добавить комментарий