ИИМдин кызматкери пара алууга шектелип кармалды

13 август 2020 10:30 1357 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн бириндеги пара алуу фактысы аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран А.Б. кайрылып, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү фактысы боюнча жаран А.Б. менен башка адамдарга карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн эки баш кой түрүндө пара талап кылып жаткан Нарын облусунун Жумгал  районунун ИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Ошондой эле, бир, эки күн мурда кызматкерлер  А.Б. аттуу жарандан жана башкалардан  10.000 сом  өлчөмүндө акча каражатын алышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, КРнын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

"ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумгал районунун ИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кылмыш ишин токтотуу үчүн арыздануучудан эки баш кой түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталды". - деп айтылат маалыматта.

 12-августта ИИМдин ички иликтөө кызматы өкмөткө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Р.Ы. кармалды.

Азыркы учурда тергөөнү өкмөткө  караштуу ЭМКККтын ТК жүргүзүп жатат.

Ички иликтөө кызматы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды алдын алууга, ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз иштерди аныктоого жана бөгөт коюуга, андан сырткары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулук менен тартипти бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзүүнү улантууда.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-ilikt-kyzmaty-ajmaktyk-blmdrdn-birindegi-para-aluu-faktysyn-anyktady



Добавить комментарий