ИИМ: Жасалма алманын ичинен 10 кг метамфетамин табылды

18 октябрь 2021 17:09 908 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү каршы кызматынын кызматкерлери Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте эл аралык баңгилик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүштү.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.     

Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында, “Иран -Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кыргызстан” каттамы боюнча жүргөн “DAF” маркасындагы жүк ташуучу автоуунасына тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Тинтүү жүргүзүү учурунда автоунаанын жүк ташуучу жарымприцепбинде салынган айрым алма таңгактарында пенопласттан жасалган (муляж) 147 даана алма табылып алынган. Алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыттаган затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. “БТС” бажы терминалынын таразасына көзөмөлдөп салмакка тартууда кристаллга окшогон заттардын жалпы салмагы таңгагы менен кошкондо 10 килограмм 100 граммды түзгөн.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу, Өзбекстандын К.Б. аттуу жараны кармалган.

Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган прицеп Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркменистандын бейтарап аймагынан жарым прицеп кошулуп, Өзбекстандын бейтарап аймагына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу жарым прицеп рефрижераторду кошуп Кыргызстанга бет алгандыгы белгилүү болгон.  

ИИМдин Криминалистикалык кызматынын алгачкы изилдөөсүнө ылайык, аталган зат «метамфетамин» (первитин) болгондугу аныкталган. 

Бул заттын “жашыруун базарында” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзүп, бул өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын жалпы салмагы 10100 граммды түзүп,  дозасы – 150000 болот. Ал баңги каражаттын “жашыруун базардагы” баасы 450 000 000 сомдү түзөт, ал эми КРнын Улуттук банкынын АКШ доллар курсу боюнча  531 286 долларды түзөт.

Азыркы учурда  ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка катыштыгы бар жактарды аныктоо жана аларды кармоо боюнча мындан аркы атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


  

Ссылка: https://barometr.kg/iim-zhasalma-almanyn-ichinen-10-kg-metamfetamin-tabyldy



Добавить комментарий