ИИМдин мурдагы кызматкери окуучу кызды зордуктоого шектелүүдө

15 октября 2021 15:47 4377 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.  

Аталган кабарга таянсак, 12-октябрда 25 жаштагы жергиликтүү тургун түнкү мекемелердин биринен 15 жаштагы кыз менен таанышкан. Болжол менен саат түнкү 3.00дө ал унаасы менен кызды Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине алып барып зордуктаган.

Жабырлануучу өзүнүн арызында шектүү күч колдонгонун жана бычак менен коркутканын жазды. Арыз жазган кыз мектеп окуучусу болуп эсептелет.

Экспертиза жабыралануучу зордукталганын тастыктады.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Шектүү жаран мурда Ош областтык ички иштер башкармалыгында иштегени маалымдалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-murdagy-kyzmatkeri-okuuchu-kyzdy-zorduktoogo-shekteld



Добавить комментарий