ИИМ Россияга кетип дайынсыз болуп жаткан 39 жарандарды табышууга жардам сурайт

26 июль 2022 17:03 1393 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияга иштөөгө кетип дайынсыз жоголгон 39 мекендештерди издөө боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү дайынсыз жоголгон мекендештерди жана узак убакыттан бери туугандары менен байланышпаган жарандарды издөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.

"2022-жылдын 2-чейрегинде Өкүлчүлүккө Россияда дайынсыз жоголгон 66 жарандын жакындары издөөгө көмөктөшүү тууралуу кайрылышкан. Жалпысынан отчеттук мезгилде жакындары менен байланышын жоготкон же байланышпаган  94 жаранга карата иштер жүргүзүлдү.

Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте  Россиянын аймагында кыргыз жарандарын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 55 жаран аныкталган, анын ичинде 39 жаран бул жылы, 16 жаран мурдагы жылдардан бери издөөдө болгон.

Учурда дайынсыз жоголгон дагы 39 жарандын жүргөн жерин аныктоого багытталган чараларды көрүүдө. Анын ичинен 8 жаран мурдагы жылдардан бери изделип жатса, быйыл 8 жаран изделүүдө, жана 23 жаран мурдагы жылдардан кошо изделип келген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү жогоруда аталган дайынсыз жоголгон адамдар боюнча +7 (499) 653-87-00, +7 (926) 890-87-00, +996 (312) 97-55-25, ишеним телефондору аркылуу маалымат берүүнү суранат", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-rossiyaga-ketip-dajynsyz-bolup-zhatkan-39-zharandardy-tabyshuuga-zhardam-surajt



Добавить комментарий