ИИМ: митинг учурунда жана андан кийин келтирилген чыгымдар чагымчылардын эсебинен төлөнөт

2 март 2020 20:26 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов митинг учурунда жана андан кийин келтирилген бардык чыгымдар уюштуруучулар менен чагымчылдардын эсебинен төлөнөрүн журналисттерге айтты.

Ал өз сөзүндө митинчилер «Ак үйдү” басып алабыз деген чагымчылдыкка чейин барышканын айтып, аларга мыйзам бузуу болсо аларга катуу аракеттер көрүлөрү эскертилгенин билдирди.

“Алдын ала эскерткенбиз. Тынч митинг өткөрөбүз дегендердин пландары башкача экени байкалып калды. Себеби алар өздөрү чакырган адамдар биринчиден башкарылган жок. Экинчиден мыйзам бузууга жол берилди. Ташты милиция кызматкерлер, автоунааларды, имараттардын терезелеринине ыргытышты”, — деди ал.

Сейитов андан сырткары учурда абал тынч экенин, бардыгы милициянын көзөмөлүндө экенине токтолду. Андан сырткары канча киши кармалып, канчасы жаракат алганы боюнча учурда аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалап, бул боюнча толук маалымат кийинчерээк берилет деп ишендирди.

Ошондой эле митингчилерди таратуу учурунда жол четинде турган таштанды челектери дагы күйгөн.

Бүгүн Бишкекте митинг өттү. Буга чейин Садыр Жапаров өзү аны колдоп митингге чыкпоого чакырган болчу.

Буга чейин ИИМ митинг учурунда эреже бузгандарга катаал чаралар көрүлө турганын эскерткен.

ИИМдин маалыматы боюнча митингге болжол менен 800 кишинин чогулган. Андан сырткары Бишкек шаарындагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катар өкүлдөрү жана ары бери өткөн шаардын тургундары дагы келген.

"Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты", - деп айтылат маалыматта.

Мурдагы депутат жаза мөөнөтүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакта өтөп жатат. Ал массалык баш аламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айге эркинен ажыратылган.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-miting-uchurunda-zhana-andan-kijin-keltirilgen-chygymdar-chagymchylardyn-esebinen-tlnt



Добавить комментарий