ИИМдин медициналык башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды (сүрөт)

3 ноябрь 2020 12:02 1017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Медициналык башкармалыгынын башчысы аскердик- медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

УКМК ККК  мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан КРын Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлерден ылайыктуулугун оң жака чечип медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактылары аныктады.

 27-октябрда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам- тергөө иш-чаранын жыйынтыгында КР ИИМ Медициналык башкармалыктын башчысы Аскердик- медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалды.

 КРнын УКМК ККК тергөө кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер башкармалыгынын кызматына талапкерлерден, анын ичинде Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү ж.б.), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды. 

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. КР УКМК ККК ИИМдин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш чараларын улантып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-medicinalyk-bashkarmalygynda-korrupciyalyk-shema-anyktaldy-srt



Добавить комментарий