"Хиджаб салынбай койду, бул туура эмес!" Ырчы Омардын жубайы жоолугун чечкендиги үчүн кайрадан талкууга кабылды

29 апрель 2019 15:45 27825 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Омар Жанышовдун жубайы Диана Жанышованын жоолук салынбай жүргөнү дайыма элдин назарына илинип катуу талкууга кабылып келет. Бул жолу да Омар жубайы менен түшкөн сүрөтүн интернет баракчасына жүктөдү.

“Чогуу жашап жатканыбыздан бактылуусуңбу?”. –деп суроо салган ырчыга көпчүлүк сын-пикирлерин жаадырып салышты. Алардын басымдуу бөлүгү Диананын жоолугу жок экенин байкап калышкан.

Талкуулардын негизги себеби Диана менен Омар эң алгач кыз узатуу тоюнда  артка байланган жоолук менен андан кийин үйлөнүү үлпөтүндө хиджаб салынып чыккан эле. Эл аны жоолук салынып жүрүп кайра чечкенин көргөндө катуу чууга түшүп бул сөздөр эки жаш кыздуу болсо да басылбай келет.

Коомдо хиджаб салынып бирок бираз убакыт өткөндөн кийин кайра чечкен учурлар көп кездешет, ошентсе да ырчынын жубайынын жоолугу жок жүргөнү талкуудан түшпөй келет.

Бул маселе боюнча Омар өзү да пикирин бир канча жолу билдирип элдин сөз кылбашып сураны келет, ал кечээ да аягы жок терс пикирлерден улам:

“Алтындарым, сураныч жоолук жана башка темаларга асылбагылачы суранам! Бул биздин жеке ишибиз, силерге эч кандай тиешеси жок! Силерге жакшы көрүнүү дагы биздин максат эмес!”, -деген жообун узатты да пикир калтыруу бөлүмүн таптакыр өчүрүп салды.

Буга чейин жоолук тууралуу Омардын продюсери Миргүл Эсеналиева да өз пикирин билдирип, өз учурунда элдин сынга албоосун суранган эле.

Эске салсак, Диананын кыз узатуу тою 2017-жылдын 24-ноябрында болуп, 2-декабрда заманбап үлпөт аземи болгон. Эки жаш 2019-жылдын 13-февралында Арууке аттуу кыздуу болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/hidzhab-salynbaj-kojdu-bul-tuura-emes-yrchy-omardyn-zhubajy-zhoolugun-chechkendigi-chn-kajradan-talkuuga-kabyldy



Добавить комментарий