Хабиб Нурмагомедов атасы каза болгондон кийин депрессияны кантип жеңгенин айтып берди
UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов атасынын көзү өткөндө аза кайгысын кантип көтөрүп, кыйын күндөн кандай чыккандыгы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу "Чемпионат" сайты жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Мен ар дайым машыгып турам, анткени ал кандайдыр бир деңгээлде депрессияны менден арылтат. Атам каза болгондо мага спорт жардам берди. Баардык ички муңумду спорт менен машыгып, чыгарып алып жаттым. Өмүрүм өткүчө эмгектенип, машыгуумду уланта берем. Эгер мен спорт менен алек болбой калсам, анда депрессияга чөмүлүп кетем. Менин атам дагы ошондой болчу. Ал ар дайым эмгектин үстүндө машыгуусун токтоткон жок. Достору айтып калат, атамдын ар дайым кайда барбасын жанында спорттук сумкасы жүрчү деп. Алгач ал өзүнө уктай турган жерин ылайыктап алып, андан кийин машыгуу үчүн спорт залды издөө адаты эле. Мен мыдай адатты атамдан алдым деп ойлойм”, -деп айтты Нурмагомедов.
Ошону менен катары эле, ал үчүн машыгып туруу абдан маанилүү экендигин айтты. Учурдун чемпиону катары ал ар дайым машыгып, өзүн өстүрүп турушум керектигине токтолду.
Эскерте кетсек, Абдулманап Нурмагомедов коронавирус илдетинен улам 58 жашында каза болгон.
Добавить комментарий ×