Хабиб Дагестанда бай жашоо үчүн канча акча жетиштүү болорун айтты

23 декабрь 2020 13:14 2579 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Дагестанда бай жашоо үчүн канча акча керек болорун айтты. Бул тууралуу америкалык аралаш стилдеги мушкер Даниэль Кормье өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Даниэль Кормье менен болгон маегинде Нурмагомедов беш миллион доллар өмүр бою бай болуу үчүн жетиштүү деп айткан.

"Хабибдин беш миллион доллардан ашык акчасы бар. Андыктан аны октагонго акча табуу үчүн кайтып келет деп күтүүгө болбойт", - деди Кормье.

Нурмагомедов абсолюттук мушташ боюнча чемпионаттын (UFC) жеңил салмактагы чемпиону. Ал уюмдун мыкты мушкерлеринин рейтингинде биринчи орунда турат. Октябрь айында мушкер UFC 254 мелдешинде америкалык Джастин Гейджи менен болгон беттеште өзүнүн  чемпиондук наамын коргоп, спорттогу карьерасын ушуну менен аяктаганын жарыялаган.

Бирок, бир нече күн мурун UFCнин президенти Дана Уайт Нурмагомедов октагонго кайтып келиши мүмкүн экенин жана аны көндүрө ала турганын айткан.

Ал эми, 41 жаштагы Кормье UFCнын жеңил жана оор салмактагы мурдагы чемпиону.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-dagestanda-baj-zhashoo-chn-kancha-akcha-zhetisht-bolorun-ajtty



Добавить комментарий