UFC президенти: Хабиб октагонго кайтып келиши мүмкүн. Мен аны көндүрө алам деп ойлойм
UFC президенти Дана Уайт жеңил салмактагы чемпиондук курдун ээси орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов коштошуу беттеши үчүн октагонго кайтып келиши мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу UFCнин сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Менин оюмча, ал атасынын каалоосун аткарат болушу керек. Себеби, анын атасы Хабиб спорттогу карьерасын 30:0 менен жыйынтыктоону каалачы. Учурда анын аң-сезиминде бул ой жүргөн болушу керек. Бирок көрөбүз.
Кийинки айда аны менен жолугуп, сүйлөшкөнү жатабыз. Эми ал ушуну менен карьерасын жыйынтыктап, мушташкысы келбей калышы мүмкүн. Бул суроонун жообун билбейм, бирок, аны көндүрө аларыма бир аз ишенем ", - деди Дана Уайт.
Эске салсак, 32 жаштагы Нурмагомедов UFC 254 турниринде Джастин Гэтжини жеңип алган. Мушташтан кийин орусиялык спортчу карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Анын ММА боюнча 29 мушташында 29 жеңиши бар, анын ичинде UFCде 13 жеңиши бар. Гэтжи менен болгон кармаш Хабиб үчүн анын атасы Абдулманап Нурмагомедов көзү өткөндөн кийин болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ufc-prezidenti-habib-oktagongo-kajtyp-kelishi-mmkn-men-any-kndr-alam-dep-ojlojm
Добавить комментарий ×