Өзбекстандык белгилүү спортчу пластикалык операциядан кийин 39 жашында каза болду

26 май 2023 13:05 1290 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандык фехтование боюнча белгилүү спортчу, эл аралык класстагы судья Аида Хасанова пластикалык операциядан кийин Ташкенттеги жеке клиникалардын биринде каза болду. Бул тууралуу kun.uz сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 39 жаштагы бейтаптын абалы 23-майда начарлап кеткен. 

Дарыгерлердин чечими менен ал башка ооруканага которулуп, бирок кечинде реанимацияда каза болгон.

Спортчунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда, Өзбекстандын прокуратурасы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.    

Аида Хасанова 1983-жылы Ташкентте төрөлгөн. Өзбекстандын көп жолку чемпиону, 2001-2006-жылдары Борбор Азиянын чемпиону, 2005-жылы Англияда өткөн эл аралык турнирдин алтын медалынын ээси. 2014-жылы ал Өзбекстандын тарыхында куралдын үч түрүн колдонуу менен фехтование боюнча биринчи эл аралык калыс болгон. Ошол эле жылдан бери Эл аралык фехтование федерациясынын (FIE) судьясы, ири эл аралык чемпионаттарда жана турнирлерде иштеген.        
2015-жылы Хасанова биринчи жолу Өзбекстандан келген калыс катары дүйнө жана Азия чемпионаттарынын финалдык туруна катышкан. 2017-жылдан бери фехтованиенин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Өзбекстан Фехтование федерациясынын башкы калысы болуп дайындалган.         

Эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен көптөгөн спортчуларды тарбиялаган. 2019-жылы Токиодо өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында Өзбекстандан жана Борбор Азиядан биринчи калыс болуп шайланган. Токио Олимпиадасында Азиядан фехтование боюнча жалгыз аял калыс Аида Хасанова болгон.        
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyk-belgil-sportchu-plastikalyk-operaciyadan-kijin-39-zhashynda-kaza-boldu



Добавить комментарий