Нарындын милиция кызматкерлери Азия чемпиону болушту

17 август 2023 17:26 1644 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарындын милиция кызматкерлери универсалдуу мушташ боюнча Азия чемпионатында чемпион болушту. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 11-17-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн универсалдуу мушташ Азия чемпионатында Нарын облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери чемпион болушту. 

Мелдеште милиция кызматкерлер ар кайсы өлкөдөн келген мушкерлер менен күч сынашкан. 

“Милиция кызматкерлери жумушта кана эмес, спорт жаатында дагы ийгиликтерге жетишип, универсалдуу мушташ боюнча Азия чемпионатында 65 кг салмакта 1-орунду Нарын облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын кенже ыкчам өкүл жоокери, милициянын сержанты Тенти уулу Сыймык, 80 кг салмакта 1-орунду Нарын РИИБдин  милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын улук лейтенанты Нурбек Айдаров, 70 кг салмакта 3-орунду Нарын облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам өкүл жоокери, милициянын улук лейтенанты Аскер Үсөнбаев, 75 кг салмакта 3-орунду Нарын ОИИБдин КККнын өзүнчө ротасынын милиционери, милициянын сержанты Мирбек Айдаров ээледи”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/naryndyn-miliciya-kyzmatkerleri-aziya-chempionu-bolushtu



Добавить комментарий