Гульнара Суталинова: 7-майда Суталинов жашайбы жокпу чечилет!

3 май 2019 09:00 1529 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (азыркы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети) экс-төрагасы Марат Суталиновдун жубайы Гульнара Суталинова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына пост бөлүштү.

 “7-майда Суталинов жашайбы жокпу чечилет! Адилеттүүлүк жана акыйкаттык үчүн биригели!”,- деп жазды Суталинова.

Эскерте кетсек, 15-апрелде Бишкек шаардык сотунда Мурат Суталиновду абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калгандыгына байланыштуу кийинки соттук отурум 7-майга калтырылган. Суталинов  2010-жылдагы Апрель окуясына байланыштуу 20 жылга эркинен ажыратылган. Анын жактоочулары бөйрөктүн 4-даражадагы рак оорусуна чалдыкканын айтып, абактан бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Бирок, 15-февралда Бишкектин Ленин райондук соту Суталиновду абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ссылка: https://barometr.kg/gulnara-sutalinova-7-majda-sutalinov-zhashajby-zhokpu-chechilet



Добавить комментарий