Google компаниясы 100 миң кызматкерине үйдөн иштөөнү сунуштады
Бөлүшүү:
Google компаниясы АКШдагы кызматкерлерин коронавирустан улам алардын саламаттыгын эске алуу менен үйдөн иштөөнү сунуштады. Бул тууралуу CNBC телеканалы билдирди.
Компаниянын өкүлүнүн айтымында, мекеме кеңселердеги кишилердин санын азайтууну максат кылууда. Google компаниясынын Түндүк Америкадагы кеңселеринде болжол менен 100 миңдей киши иштейт.
Акыркы маалыматтар боюнча АКШда коронавирустан улам 22 киши каза болуп, 700гө жакын кишиге жуккан. Ал эми дүйнө жүзү боюнча каза болгондордун саны 4289 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/google-kompaniyasy-100-mi-kyzmatkerine-jdn-ishtn-sunushtady
Добавить комментарий ×